ЖЕРГИЛИКТҮҮ ӨЗ АЛДЫНЧА БАШКАРУУ ОРГАНДАРЫ ҮЧҮН (АИД-3 [МАР]). Чыгуудагы-тест

Саламатсызбы, АРИСтин АИД-3 долбоорунун алкагындагы окутууга катышып жатканынызга рахмат. Тест толтуруп берүүӊүздү суранабыз.

СИЗДИН МҮНӨЗДӨМӨНҮЗ

Катышуучунун А.А.А.
Жынысы
Эркек
Аял
Сиздин жашыңыз
Телефон
Электрондук почта
Сиздин облусунуз:
Сиздин районунуз:
Сиздин айыл аймагыныз?
Категория (тандаӊыз):
коомчулук
адис
депутат
айыл өкмөт башчы, спикер

Чыгуудагы-тест

1. Жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу органдары:
А) Аксакалдар соту, райондук мекемелер, облустук мекемелер
Б) Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар, жергиликтүү почта бѳлүмдѳрү, мектептер, бала бакчалар
В) Социалдык камсыздандыруунун аймактык бөлүмү, аймактык каржы органдары, жергиликтүү соттор
Г) Айыл өкмөтү, мэрия жана жергиликтүү кеӊештер
2. Жергиликтүү маанидеги маселелерди ким чечет?
А) жергиликтүү мамлекеттик администрациялар
Б) Өкмѳттүн облустагы ыйгарым укуктуу ѳкүлдѳрү
В) жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу органдары
Г) аксакалдар соту, аялдар жана жаштар комитети
3. Айыл өкмөтү кандай орган?
А) Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органы
Б) Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органы
В) Мамлекеттик башкаруунун аймактык органы
Г) Кыргыз Республикасынын сот органы
4. Айыл өкмөтүнүн башчысы кайсы мөөнөткө шайланат:
А) Жергиликтүү кеӊештин чакырылыш мөөнөтүнө шайланат
Б) 5 жылга
В) 8 жылга
Г) Мөөнөтсүз
5. Жергиликтүү Кеӊештин депутатынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда кайсы органдардын сунушу менен токтотулат:
А) Президентин Жарлыгы менен
Б) Көпчүлүк шайлоочунун сунушу менен
В) Атайын органдардын, соттун жана жергиликтүү кеӊештин сунушу менен
Г) Токтотуу мүмкүн эмес
6. Бюджеттик процесстеги аткаруучу органдын ыйгарым укуктары:
А) түзүү, кароо, кассалык аткаруу
Б) кароо, бекитүү, аткаруу жѳнүндѳ отчетторду бекитүү, коомдук угууларды уюштуруу
В) кароо, бекитүү, аткаруу, аткаруу жөнүндө отчету түзүү, аудит
Г) түзүү, тактоо, аткаруу, аткаруу жөнүндө отчету түзүү, калк жана жергиликтүү кенеш алдында отчет берүү
7. Жергиликтүү бюджеттердин системасына кирет:
А) Район, облус, шаар, айылдык аймак, айыл
Б) Республика, район, шаар
В) Шаар, айылдык аймак
Г) Республика, регион, район
8. Жергиликтүү бюджет бул:
А) жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары түзгөн, бекиткен жана аткарган, айылдын, шаардын жергиликтүү коомчулуктарынын бюджети
Б) жергиликтүү мамлекеттик администрациялар түзгөн, бекиткен жана аткарган, аймактагы коомчулуктарынын бюджети
В) жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын бюджети
Г) финансы министрлиги тарабынан берилген бюджет
9. Кайсы коэффициентти жергиликтүү кенеш аныктайт:
А) тармактык коэффициент
Б) зоналдык коэффициент
В) Инфляция коэффициенти
Г) Коммерциялык пайдалануу коэффициенти
10. Жергиликтүү салык болуп саналат:
А) Мүлккө салык
Б) Ыктыярдуу патенттин негизиндеги салык
В) Жер казынасын пайдалангандыгы үчүн салык
Г) Мамлекеттик пошлина
11. Салыктык эмес кирешелер кайсы мыйзам нормалары менен жөнгө салынат:
А) Салык Кодекси
Б) Салыктык эмес кирешелер жөнүндө Кодекси
В) Салыктык эмес кирешелер жөнүндө Мыйзамы
Г) Жергиликтүү кеӊештин токтому
12. Жергиликтүү коомчулук коомдук угууга катышуусу зарыл, себеби:
А) жергиликтүү калктын жашоо денгээлин көтөрөт
Б) бул Уставда жазылган
В) жарандардын сунушун эске алуу менен бирдиктүү приоритеттүү чечимдер кабыл алынат
Г) зарылчылыгы деле жок
13 . Кѳп түрдүүлүк айланасындагы адамдардын ѳзгѳрбѳгѳн белгилери:
А) жашы, жынысы, рассасы, этникалык мурасы, сексуалдык ориентациясы
Б) киреше денгээли, билими, дини, тили, эмгек тажрыйбасы
В) саясий кѳз карашы, жѳндѳмү, таланты
Г) жердиги, чѳйрѳдѳгү статусу, шыгы
14. Конфликттин эң жогорку чеги:
А) Ачык каршылашуу
Б) Конфронтация
В) Кризис
Г) Натыйжа
15. Гендер түшүнүгү эмне менен мүнөздөлөт:
А) Мамлекеттик органдардын өз ара мамилеси
Б) Ачык каршылашуу
В) Аялдар менен эркектердин ортосундагы коомдук мамилелер
Г) Натыйжалар
16. Конфликтти чечүүчү тараптар кимдер:
А) Ортомчулар
Б) Каршылаш тараптар
В) Кызыккан тараптар
Г) Жеӊген тараптар
17. Муниципалдык менчик:
А) жергиликтүү коомчулуктардын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ээлигинде, пайдалануусунда, тескөөсүндө болгон мүлкү
Б) жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын ээлигинде, пайдалануусунда, тескөөсүндө болгон мүлктөр
В) Кыргыз Республикасынын Өкмѳтүнүн ээлигинде, пайдалануусунда, тескөөсүндө болгон мүлктөр
Г) союз тарагандан кийинки кыймылсыз мүлктөр
18. Муниципалдык менчикти күрѳѳгѳ же ипотекага койсо болобу?
А) Болот, айыл ѳкмѳтү кое алат
Б) Болбойт, мыйзамга туура келбейт
В) Болот, жергиликтүү кеңеш макулдук берсе
Г) Шаарлар гана кое алат, айыл аймактар кое албайт
19. Фокус – топтук талкуулоо бул кандай ыкма?
А) Тургундардын өз айылынын картасын фактылай тартышы
Б) Квалификациялуу адис-эксперттердин изилденип жаткан процессти баалашы
В) Себеп менен кесепеттерди анализдөө
Г) 10-15 адамдан турган түрдүү топтордун ой пикирлерин чогултуу
20. Муктаждыктарды биргеликте баалоо деген эмне?
А) Стратегия, план жана программаларды жазуу ыкмасы
Б) коомчулуктун пикири жана кызыкчылыгын эске алуу менен, жергиликтүү маалыматтарды биргеликте чогултуу, аны анализдөө жана ишти пландаштыруу процесси
В) Аялдардын, жаштардын керектөөлөрүн аныктоо процесси
Г) Практикада мындай процесс жок